
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, калктын өсүшү Тажикстан жана Кыргызстанда өзгөчө байкалып, бул өлкөлөрдүн калкы 2050-жылы эки эсе көбөйөт. Калган Борбордук Азия республикаларында калктын өсүү темпи салыштырмалуу жай болот.
КР НСИИнин жетекчиси Талант Султановдун пикири боюнча, Кыргызстандагы калктын өсүү темптеринин жогорулашы өлкөдөгү экономикалык жана саясий туруктуулуктун көрсөткүчү. Эл аралык Population Reference Bureau уюмунун божомолдоруна ылайык, 2015-жылы кыргызстандыктардын саны 11,6 миллион адамды түзөт.
Учурда эң жогорку өсүү темптери Тажикстан жана Өзбекстанда байкалууда. 2050-жылы бул өлкөлөрдүн калкы өсүүнү улантат. Түркмөнстандын демографиялык көрсөткүчтөрү 2050-жылга чейин көп өзгөрбөйт.
– Казакстандын калкы 2050-жылы 24 млн. адамга жетет. Казакстандык эксперттердин пикири боюнча, калктын өсүшүнүн негизги факторы үй-бүлөлүк баалуулуктарды пропагандалоо саясаты болуп саналат. Мисалы, 2013-жылдан бери Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Казакстанда сентябрдын экинчи жекшембисинде «Үй-бүлө күнү» белгиленет. Идеологиялык иштерден тышкары, мамлекет жаш үй-бүлөлөргө материалдык стимулдарды да көрсөтөт, – деп белгилешет НСИИнин басма сөз кызматында.