Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргызстандын мектептери тууралуу маалымат жалпыга жеткиликтүү болот

Кыргызстандын мектептери тууралуу маалымат жалпыга жеткиликтүү болот

Кыргызстандагы мектептер тууралуу маалымат жалпыга жеткиликтүү болот
Кыргызстанда мектептердин кассасына мыйзамсыз төлөмдөрдү жана акча чогултууну токтотуунун жаңы жолу ойлоп табылды. Эми штор, компьютер же полду оңдоого акча чогултуу тууралуу сөз болбойт: республикада бардык мектептердин бирдиктүү базасы түзүлүп, анда ар бир окуу жайын жабдууга эмне керектиги жана эмне бар экени тууралуу маалымат чагылдырылат. Бул маалымат атайын онлайн картада жеткиликтүү болот.

- Неформалдуу төлөмдөр - мектептердеги акча чогултуулар боюнча талкуулар учурунда ата-энелер мектеп тууралуу маалыматтын жабык экенине, анын ичинде бюджеттик каржылоонун маалыматтарына нааразы болушту: «Биз министрлик канча акча бөлөөрүн, бул мектепте компьютерлер жетиштүүбү, мугалимдердин саны канча экенин билбейбиз?! Директорго жетиш кыйын...». Ата-энелер туура, маалымат ачык болушу керек. Өткөн айларда биз мектептердин инвентаризациясын жүргүздүк, ар бир мектептин азыр 10 сандык номери бар; мектептер онлайн картага негизги маалымат менен жайгаштырылды. 2015-жылы сатып алынган компьютерлер биринчи жолу чындап жетишпеген мектептер арасында бөлүштүрүлдү, - деди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. – Кийинчерээк мектептер боюнча маалыматты курулуш жана капиталдык ремонт боюнча толуктап, андан соң ар бир мектеп үчүн мамлекеттик каржылоонун көлөмү боюнча маалыматты кошобуз. Биздин маалыматтар канчалык ачык болсо, ата-энелер мектепти ошончолук объективдүү баалай алышат.

Учурда система тесттик режимде иштеп жатат, картага дайыма өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 2016-жылдын аягына чейин ал мамлекеттик мектептерден тышкары дагы башка мекемелерди камтышы күтүлүүдө. Картада балдар бакчалары, жогорку окуу жайлары, республикадагы жеке мектептер пайда болот.
25-02-2016, 16:06
Вернуться назад