Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Нарындык Тараскан балдар үчүн кагаздан жана пластик бөтөлкөлөрдөн оюнчуктар жасайт

Нарындык Тараскан балдар үчүн кагаздан жана пластик бөтөлкөлөрдөн оюнчуктар жасайт

Нарындан Тараскан балдар үчүн кагаздан жана пластик бөтөлкөлөрдөн оюнчуктар жасайт

30 жаштагы Тараскан 5 жылдан бери «Чебурашка» бала бакчасында иштейт.


«Менин апам мугалим, ошондуктан анын жолунан кете турган болдум жана Нарын мамлекеттик университетине тапшырдым. Карьерамды Кочкор айылындагы мектептен баштадым. 2013-жылдан бери мектепке чейинки мекемеде иштейм. Балдар менен иштегени мага жагат. Алар үчүн пластик бөтөлкөлөрдөн жана кагаздан ар кандай оюнчуктар жасайм. Кесиптештерим менен биргеликте балдар үчүн көрнөк-жарактарды даярдайбыз. Бала бакчанын имараты мультфильмдердин жана жомоктордун ар кандай каармандары менен кооздолгон», - дейт ал.

Тараскан «Эң мыкты тарбиячы — 2018» конкурсуна жеңүүчү болгонун кошумчалады.

«Бул конкурста 5 жылдан бери катышып, биринчи орундарды ээлеп келем. Мындан тышкары, быйыл Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Калаа келечекте» конкурсу өткөрүлдү. Биз кесиптештерим менен макет жасап, 1-орунду алдык. Эмгегим үчүн мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар менен сыйландым», - деп айтып берди ал.

Тараскан күйөөсү - Өмүрбек Молдокулов менен кыз тарбиялап жатканын белгиледи.
5-10-2018, 21:45
Вернуться назад