Нарындык Тараскан балдар үчүн кагаздан жана пластик бөтөлкөлөрдөн оюнчуктар жасайт

admin Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Нарындан Тараскан балдар үчүн кагаздан жана пластик бөтөлкөлөрдөн оюнчуктар жасайт

30 жаштагы Тараскан 5 жылдан бери «Чебурашка» бала бакчасында иштейт.


«Менин апам мугалим, ошондуктан анын жолунан кете турган болдум жана Нарын мамлекеттик университетине тапшырдым. Карьерамды Кочкор айылындагы мектептен баштадым. 2013-жылдан бери мектепке чейинки мекемеде иштейм. Балдар менен иштегени мага жагат. Алар үчүн пластик бөтөлкөлөрдөн жана кагаздан ар кандай оюнчуктар жасайм. Кесиптештерим менен биргеликте балдар үчүн көрнөк-жарактарды даярдайбыз. Бала бакчанын имараты мультфильмдердин жана жомоктордун ар кандай каармандары менен кооздолгон», - дейт ал.

Тараскан «Эң мыкты тарбиячы — 2018» конкурсуна жеңүүчү болгонун кошумчалады.

«Бул конкурста 5 жылдан бери катышып, биринчи орундарды ээлеп келем. Мындан тышкары, быйыл Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Калаа келечекте» конкурсу өткөрүлдү. Биз кесиптештерим менен макет жасап, 1-орунду алдык. Эмгегим үчүн мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар менен сыйландым», - деп айтып берди ал.

Тараскан күйөөсү - Өмүрбек Молдокулов менен кыз тарбиялап жатканын белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Жазгы лагерь American School

Жазгы лагерь American School

American School жазгы лагеринин өкүлчүлүгү Орналашкан жери: Тамчы айылы Турмуш шарттары: бөлмөдө...

Озоданын жеке концерти

Озоданын жеке концерти

Кыргызстанга биринчи сольный концерти менен узбек эстрадасынын жылдызы Озода келет! Сөзсүз биринчи...

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт кыргыз сүрөт искусствосунда негизги орунду ээлеп келген, ал биринчи кадамдарынан баштап,...

Комментарий жазуу: