Бакубат Швейцарияга карап турууга
Кыргызстан дагы эле чет элдик инвестицияларга толугу менен көз каранды өлкө болуп калууда. Чет элдиктердин КР аймагында иштөөсүндө ар дайым кыйынчылыктар болуп жаткандыгына карабастан, алар расмий бийликтин колдоо убадасына дагы эле ишенишет жана биздин өлкөгө чоң суммадагы инвестицияларды салып жатышат. Бул жумада КРнын биринчи вице-премьер-министри Джоомарт Оторбаев Швейцариянын КРдагы элчиси Ренэ Холенштайн менен жолугушту. Тараптар учурдагы жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду