Депутат саламаттык сактоо министрлигинин жүрөк оорулары менен күрөшү тууралуу кызыкты
Депутат Болотбек Борбиев парламент жыйынында жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстандагы бардык өлүмдүн 53%ын түзөрүн белгиледи. Ал бул маселени чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат сурады. Бул суроого жооп берип жатып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев акыркы жылдарда өлкөнүн кардиологиялык кызматында олуттуу жетишкендиктерге жетилгенин билдирди. Анын айтымында, өлүмдүн негизги бөлүгү миокард инфаркти