
Португалиянын белгилүү чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылкы дүйнө чемпионаты анын карьерасынын акыркы этабы болоорун тастыктады. Бул тууралуу BBC маалымдады.
Учурда 40 жаштагы чабуулчу оюнчу карьерасын бир-эки жылдын ичинде жыйынтыктоону пландап жатат. Канада, Мексика жана АКШда өтө турган мундиаль анын алтынычы болуп, бул футбол дүйнөсүндө уникалдуу жетишкендик болуп саналат.
Эр-Рияддагы Tourise Summit иш-чарасында берген интервьюсунда Роналду мындай деди:
«Албетте, ооба. Мен 41 жашка толом, жана мен ошол учурда чоң турнирдеги оюндарымды жыйынтыктаганымды ойлойм».
Учурда Роналду, Сауд Арабиянын «Аль-Наср» клубунда ойноп жаткан, эркектердин эл аралык футболундагы эң мыкты бомбардир болуп саналат, Португалия үчүн 143 гол киргизген. Жалпы расмий матчтарда клубдар жана улуттук команда үчүн 953 гол киргизип, карьерасында 1000 голго жетүүнү ачык билдирүүдө.
Мурда Роналду «Манчестер Юнайтед», «Реал» жана «Ювентус» сыяктуу клубдарда ойногон, карьерасын жыйынтыктоону болжолдоого алган, бул жакынкы эки жылдын ичинде болушу мүмкүн экенин тактаган:
«Эгер чындыкты айтсам, “жакын арада” мен, балким, дагы бир-эки жыл ойноп калам дегенди түшүндүрөм».
Роналду менен Португалия 2016-жылы Европа чемпиондугун жеңип алган, бирок дүйнө чемпионаты азырынча беш жолу “Алтын топ” ээси үчүн жеңе албаган жалгыз трофей болуп калды.
Учурда Роберто Мартинестин жетекчилигиндеги Португалия улуттук командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына орун камсыз кылган жок, бирок жакынкы бейшемби күнү Ирландия командасын жеңсе, турнире катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла алат.