Бүгүн Индонезиянын борбору Джакартада футзал боюнча Азия Кубогунун - 2026 ачылыш аземи өттү, бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясы маалымдады.
Алардын маалыматына ылайык, группалык этапта биздин «акшумкарлар» кыйын атаандаштар менен беттешет. Биринчи оюнду команда бүгүн Иракка каршы өткөрөт.
Улуттук команда үчүн оюндардын расписаниеси:
- 27-январь | 14:00 – Ирак Кыргызстанга каршы
- 29-январь | 18:00 – Индонезия Кыргызстанга каршы
- 31-январь | 18:00 – Кыргызстан Түштүк Кореяга каршы