




Абу-Даби (ОАЭ) шаарында өтүп жаткан эл аралык Open Masters Games мелдешинде Кыргызстандын курама командасынын мергенчилик боюнча мүчөсү Асел Шарбекова күмүш жана коло медальдарды жеңип алды. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинен маалым болду.
Күмүш медаль 30 жаштан жогорку категорияда берилсе, коло медаль спортчуда 30+ жана 40+ категорияларында тийди.
Open Masters Games мелдештери 8-февралдан 23-февралга чейин өтүп, эл аралык класстагы спорт чебери Асел Шарбекова, башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбеков тарабынан даярдалууда.