
Стамбулдагы Ahmet Cömert эл аралык турниринде кыргызстандык боксчу Омар Ливаза коло медальды жеңип алды. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан берилди.
Спортчу 65 кг салмак категориясында катышып, 1/8 финалдан баштады. Алгачкы эки беттеште Грузия жана Түркиядан келген атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыкты.
Бирок жарым финалдык беттеште Ливаза Казакстандык боксчуга жеңилип, турнирдеги үчүнчү орунду алды.