Спорт сарайында бассейн куруу пландалууда
Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт сарайында мэриянын жетекчилигинин выездное жыйыны өттү. Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, профильдик шаардык кызматтардын жетекчилери, подряддык уюмдардын өкүлдөрү, Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы жана Первомай районунун жетекчиси катышты. Катышуучулар объекттин учурдагы абалы менен таанышып, инфраструктураны модернизациялоо жана реконструкция боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.