Жаңы VIII чакырылыштын депутаттарынын орточо жашы 46 жашты түзөт. Эң жаш депутат Бекмырза Чолпонбай уулу, 12-округдан, 25 жашта. Ал эми эң улуу депутат Гулай Машрапова, 7-округдан, 69 жашта.
Жаңы парламенттин жаш структурасы төмөнкүдөй:
- 25-29 жаш — 2 депутат
- 30-39 жаш — 25 депутат
- 40-49 жаш — 32 депутат
- 50-59 жаш — 25 депутат
- 60 жаш жана андан улуу — 6 депутат
Салыштыруу үчүн, VII чакырылышта депутаттардын орточо жасы шайлоого катышкан учурда да 46 жашты түзгөн. Эң жаш депутат ошол учурда Орозайым Нарматова болуп, 27 жашта, ал эми эң улуу депутат Шарапаткан Мажитова, ошол учурда 66 жашта болгон.