Корголдоева Роза Абдраевна
Корголдоева Роза Абдраевна Кесиптик сүрөтчү. 1950-жылдын 7-апрелинде Кыргыз ССРинин Ош облусунун Узген шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Фрунзе шаарындагы сүрөтчүлүк колледжин аяктаган. 1974-жылдан тарта - Жалал-Абад шаарындагы көркөм-өндүрүштүк ателье филиалынын сүрөтчүсү. 1988-1989-жылдары - Латвияда стажировкадан өтүп, гобелен боюнча симпозиумдарга катышкан. 1995-жылы «Манас-Ордо» комплексин жасалгалоо иштерине катышкан.