1971-жылдын 5-январында Ош облусунун Карасуй районундагы Карасу шаарында төрөлгөн.
Билим:
1984-1987 Гапар Айтиев атындагы көркөм мектеп. 1987-1991 С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайы, декоративдик-дизайн бөлүмү. 1999-2003 Ош мамлекеттик университети, искусство факультети.
Эмгек тажрыйбасы:
2016-жылдан бери «Nissa art kg»да иштейт. 2012 – 2016-жылдары С. А. Чуйков атындагы СХ КР «Дубовый парк» көргөзмө залында арт-директор болуп иштеди. 2009 – 2014-жылдары С. А. Чуйков атындагы КГХУда «Композиция» жана «Мастерство» сабактарынан мугалим болуп иштеди. 2007-2009 – ар кандай комплекстерди (анын ичинде мечит, банк, мектеп, этнографиялык комплекс «Супара»нын жарым-жартылай дизайны) жасоо менен алектенди. 2007 (март-октябрь) – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Кошой-Коргон» музейинин башкы сүрөтчүсү-эксперти. 2005-2007 – Москва, Россиядагы «Файн-ферро» дизайн студиясында сүрөтчү-дизайнер. 2003-2005 – «Техпласт» компаниясында акрилдик айнектен оригиналдуу буюмдарды чыгарган сүрөтчү-дизайнер; «Рестар» автосервисинде дизайнер-сүрөтчү; текстиль боюнча дизайнер, Москва, Россия. 1991-2003 – Ош шаарында Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондунда жана Ош бөлүмүндө дизайнер-сүрөтчү болуп иштеди.
Ишмердик стажировкалары жана жеке көргөзмөлөр:
2002-2003 – Кыргызстан (Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустары). 2003-2006 – Россия (Москва). 2006-2007 – Казакстан (Астана, Алматы). 2014. Түркмөнстан (Ашгабат, Дашогуз). 2014. Түштүк Корея. Сеул. 2017. Иран, Тебриз шаары. 2018. Түркия, Стамбул, Анталия.
2018-жылдын 27-августунда Анталияда биринчи жеке көргөзмөсү өттү. 2018-жылдын 17-ноябрында Стамбулда «Cama işlenen sanat» жеке көргөзмөсү болду. 2019-жылдын майында Ирандын Тебриз шаарында Эл аралык фестивалда катышты. 2019-жылдын августунда Түркияда «Büyükçekmece» Эл аралык фестивалында катышты.
Мүчөлүк:
1997 – Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Сүрөтчүлүк чыгармалары Кыргызстандын музейлеринде жана жеке коллекцияларында, ошондой эле ТМД өлкөлөрүнүн, жакын жана алыс чет өлкөлөрдүн жеке коллекцияларында жайгашкан. 2006 – Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинен «Маданияттын мыктысы» медалы.
Сыйлыктар:
2019 – Стамбулда өткөн «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн аял сүрөтчүлөрүнүн искусствосу» эл аралык көргөзмөсүнө катышкандыгы үчүн сертификат. 2017 – Ирандын Тебриз шаарында өткөн фестивалга катышканы үчүн Ислам искусствосу институтунан диплом. 2014 – Түркмөнстандын Ашгабат шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият жумачасына активдүү катышканы үчүн Түркмөнстандын Маданият министрлигинен диплом. 2013 – Ч. Т. Айтматовдун 85 жылдыгына байланыштуу салтанаттарга активдүү катышканы үчүн Украинадагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен ыраазычылык кат. 2011 – Москва, Россиядагы «Формула рукоделия» көргөзмөсүнүн уюштуруучүлөрүнан башкы стендди жасаганы үчүн ыраазычылык кат жана диплом. 2008 – Бишкек шаардык мэриясынан «Нулевой км» конкурсуна эң мыкты эскиз үчүн ыраазычылык кат. 2008 – Астана, Казакстандагы жаштар фестивалынын уюштуруучуларынан диплом. 2007 – Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинен ыраазычылык грамота. 2002 – «Сорос-Кыргызстан» фондунан жаш профессионал сүрөтчүлөр арасында атайын сыйлык. 2000 – «Тынчтык үчүн» эл аралык фестивалына активдүү катышканы үчүн Ош облусунун акимчилигинен грамота. 1999 – Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөө үчүн Ош облусунун акимчилигинен ыраазычылык грамота.