Кыргызстандын аялдар конгресси
1993-жылдын майында түзүлгөн коомдук-саясий массалык уюм. Негизги милдеттери: аялдардын коомдук өнүгүүдө өкүлдөр жана катышуучулар катары ролун кеңейтүү, аялдарга мүмкүнчүлүктөрдү тең бөлүштүрүү, аялдарды саясатка жана бардык бийлик деңгээлдеринде чечим кабыл алуу процесстерине тартуу. 7 облустук бөлүмү бар. Жогорку органы съезд. Президент — Замира Акбагышева. Конгрессте «Евразия» фондусунун колдоосу менен төрт жыл бою 4,5 миң тыңдаганды окуткан окуу борбору түзүлгөн, ал жерде ишкердиктин