
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 21-сентябрда Швейцариядан келген флейтист Янек Россе катышуусунда барокко музыкасынын концерти өтөт, деп билдиришти уюштуручулар.
Программасында улуу композиторлордун - Франц Бенда, Карл Филипп Эммануил Бах, Антонио Вивальдинин эксклюзивдүү чыгармалары жаңыртылат.
Я.Россе Фрибурда (Швейцария) төрөлгөн. Флейтисттин чеберчилигин үйрөнүүнү ал Фрибур консерваториясында Жан-Поль Херингдин классына кирип баштаган. 20 жашында консерваториянын дипломун отличием алган. Окуусун Лозаннада улантып, Premier Prix de Virtuosité сыйлыгын алган. Жаш флейтистке Жан-Пьер Рампаль чоң таасир эткен. Окуу учурунда Янек Россе Люцерн шаарындагы симфониялык оркестрге жумушка чакырылган. Бир нече жылдан кийин Цюрихтеги Tonhalle-оркестринде иштей баштаган. Оркестрде аткаруучулук ишмердүүлүгү менен катар Янек Россе активдүү педагогикалык ишмердүүлүккө да киришкен. Алгач Фрибур консерваториясында, андан соң Шаффхаузен консерваториясында жана Цюрих музыкалык жогорку мектебинде.