Бишкекте 10 белгилүү корей музыканттары жана ырчылары концерт менен чыгышат
Кыргызстандагы Т.Сатылганов атындагы филармонияда 27-сентябрда «Бишкектеги корей музыкасы күнү» аттуу маданий иш-чара өтөт.
Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, концертте белгилүү корей музыканттары — Ихва аялдар университетинин профессору (виолончель) Бэ Иль Хван, пианист Ким Кенг Мин, Санменг университетинин профессору (пианино), Насарет университетинин профессору (скрипка) Джо Ин Санг, Ихва аялдар университетинин лектору (каягым) Ким Ю Срн, Ихва аялдар университетинин студенти (пхансори) Ким Кенг Хон, Дэвон орто мектебинин лектору (хэгым) Канг Е Вон чыгышат.
Ошондой эле белгилүү популярдуу ырчылар — Гу Чанг Мо, Квон Ин Ха, Шин Хе Бом да чыгышат.
Концерттик программада скрипка жана фортепиано үчүн соло, фортепиано триосу, каягым жана хэгым үчүн соло жана башка чыгармалар орун алат.
Дагы окуңуз:
Абдылдаев Талайбек Табылдиевич — медициналык илимдердин доктуру
Абдылдаев Талайбек Табылдиевич (1962), медициналык илимдердин доктуру (1997)...
Алдашев Алмаз Абдулхаевич (1953)
Алдашев Алмаз Абдулхаевич (1953), биология боюнча доктор (1999), профессор, Кыргыз Республикасынын...