
Мамлекеттик Улуттук орус драма театры Ч.Айтматовдун атындагы 27-сентябрда 80-театралдык сезонду «Бесприда́нница» спектаклинин премьерасы менен ачат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«Бесприда́нница» – дүйнөлүк драматургиянын эң белгилүү чыгармаларынын бири. Бул пьеса А.Н. Островский тарабынан 1878-жылы анын чыгармачылыгынын кечки мезгилинде жазылган.
Режиссёр Татьяна Захарованын айтымында, «Бесприда́нница» - жан дүйнөсү кедей адамдар тууралуу аңгеме. Драманын фабуласы абдан жөнөкөй жана жакшы белгилүү. Бирок, классикалык чыгармаларда болгон сыяктуу, фабула – бул жөн гана чөйрө, сырткы көрүнүш. Пьесанын жаны каармандардын тереңдигинде жана алардын өз ара мамилелеринде жатат. Мындай психологиялык тереңдик спектаклди трагифарс жанрында коюуга себеп болду.
Режиссёрдун пикири боюнча, пьесадагы трагедия көп учурда адамзаттын жашоосуна мүнөздүү фарс ситуациялары менен айкалышат.
«Бесприда́нница» - адамдын заманбап дүйнөдө өзүнүн ар-намысынан эч кандай соодага барбай жашап кете алабы деген тууралуу пьеса. Спектакльдү көрүп, ар бир көрүүчү ушул суроого өзүнүн жообун табат деген үмүттөбүз.
Постановочная группа:
Режиссёр-постановщик - Татьяна Захарова
Ассистент режиссера - Марат Амираев
Сценограф - Юлдаш Нурматов
Костюм художниги - Зухра Мукамбетова
Музыкалык оформление - Денис Пануров, Татьяна Захарова
Балетмейстер - Светлана Скосырская
Режиссёрдун жардамчысы - М. Мухамедрахимова