Жолугушуунун жүрүшүндө кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча биргелешкен кызматташтык маселелери каралды, ошондой эле JICA жана JICE колдоосу менен ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктары чыгарылды.
JDS программасынын алкагында 20-агым боюнча магистратура жана докторантура программалары үчүн адистерди даярдоо пландаштырылууда, бул үчүн Япония 399 миллион иен өлчөмүндө грант бөлдү.
2006-жылдан 2025-жылга чейин Японияда Кыргызстандан 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, ошондой эле «Жаш лидерлер» программасынын 28 катышуучусу билим алды.
Жолугушуунун учурунда төмөнкү сунуштар айтылды:
- JDS программасынын квотасын 50 орунга чейин көбөйтүү (азыркы учурда 20 орун — 19 магистратура үчүн жана 1 докторантура үчүн),
- «Жаш лидерлер» программасын 10 орунга чейин кеңейтүү.
Элчи бул сунуштарды Японияга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.
Джантаев 2026-жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү жыл болорун белгиледи: ушул жылы JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет.