
2025-жылы Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү булгоо үчүн 973 миллион 350 миң сом айып пул жыйнаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында министрдин орун басары Асель Райымкулова билдирди.
Ал жыйналган каражаттардын планы пландаштырылган деңгээлдин 199,8%ын түзүп, кыйла ашып кеткенин белгиледи.
«Жыйналган каражаттар министрликтин атайын эсебине которулду, бул материалдык-техникалык базаны жакшыртууга мүмкүндүк берди. Бишкек, Чолпон-Ата жана Талас сыяктуу шаарларда административдик имараттарда оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Мындан тышкары, Ысык-Көлдө реабилитациялык борбордун курулушу башталды. Ошондой эле 38 кызматтык унаа, 4 моторлуу кайык, фото капкындар, дрондор, видео фиксациялоочу аппараттар, профессионалдык биноклдор, GPS-навигациялары жана башка зарыл приборлор сатып алынды», - деп кошумчалады ал.