Прокуратуранын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар Достук айылындагы мекеменин аймагынан курулуш үчүн жана жерди пайдалануу үчүн керектүү уруксат документтерин албастан, өз алдынча курулуш жүргүзүшкөн.

КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын сүрөтү.
Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин прокуратура 32,2 миллион сомго бааланган 3,07 гектар жерди мамлекеттик менчикке кайтарууга жетишти.