Сунушталган чаралар менчик ээлеринин ачыктыгын жакшыртууга, тобокелдиктерди көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, ошондой эле капиталдын жана кредиттердин концентрациясын алдын алууга багытталган.
Айрыкча, кредиттик союздар үчүн тобокелдиктер боюнча милдеттүү нормаларды киргизүү жана лицензиялоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Депозиттерди кабыл албаган жана КФКга карыздары жок уюмдар, бир карыз алуучуга максималдуу тобокелдик үчүн ички чектөө орнотууга милдеттүү, ал 25% дан ашпашы керек.
Мындан тышкары, акцияларга ээ болуу, каржылоо булактарына талаптар жана КФК үчүн тобокелдиктердин концентрациясына чектөөлөрдү камтыган жаңы эрежелер иштелип чыгат. Төмөнкү шарттар белгиленди:
- акционерлер Кыргызстандын резиденттери гана болушу керек, анын ичинде кредиттик союздар, жеке жана юридикалык жактар;
- бир акционердин максималдуу үлүшү 15% добуш берүүчү акциялар менен чектелет;
- кредиттик союздар эмес акционерлердин жалпы үлүшү 49% дан ашпашы керек.
Акционерлер капиталды көбөйтүү же акцияларды сатып алуу үчүн колдонулган каражаттардын булактарын так тастыктоого милдеттүү. Юридикалык жактар финансылык отчеттуулукту, декларацияларды жана аудит отчетторун сунуштоого, ал эми жеке жактар салык декларацияларын, сатып алуу-сатуу келишимдерин, мурас документтерин жана башка тастыктоолорду сунуштоого милдеттүү.
Улуттук банк шектенүү пайда болгондо кошумча маалыматтарды талап кылуу укугун өзүндө калтырат.
Кредиттик союздардын финансылык компаниясы Кыргызстандагы кредиттик союздарды колдоо үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм болуп, аларга финансылык жардам көрсөтүп, каражаттарды кабыл алып, сектор ичинде ресурстарды кайра бөлүштүрүп, ликвиддүүлүктү жакшыртууга көмөктөшөт.