
2025-жылы өлкөдө май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча беш жаңы завод ишке киргизилди
Агроөнөр жай министрлигинин маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, өсүмдүк майын импорттоону алмаштыруу боюнча кабыл алынган чаралар байкалаарлык натыйжаларды бере баштады. Ошентип, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, ички рыноктун өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 2022-жылы 20,2%дан 50%га чейин өстү.
"Көрсөткүчтөрдүн өсүшү өндүрүштүк кубаттуулуктардын кеңейиши менен байланыштуу. 2025-жылы республикада май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча беш жаңы ишкана иштей баштады: бирөө Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, ошондой эле бирден Талас жана Чүй облустарында. Учурда республикада май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү менен алектенген 9 ири жана 136 кичи ишкана иштеп жатат", — деп белгиленет маалыматта.
Маалымат кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 11 айында Кыргызстан болжол менен 18,5 миң тонна өсүмдүк майын өндүрдү жана өзүнүн өндүрүшү аркылуу камсыздоо деңгээли 56,5%ды түздү.
Агроөнөр жай министрлиги ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракеттери тууралуу маалымдайт. Өлкөдө АКШ, Россия, Казакстан жана Түркиядан алып келинген жаңы, жогорку түшүмдүү сортторду сынап көрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www