Улуттук статистика комитети 2025-жылга жашоо минимуму тууралуу маалыматты жарыялады, ал орточо эсеп менен адам башына айына 8 697,32 сомду түзөт.
Эмгекке жарамдуу жарандар үчүн жашоо минимуму 9 738,29 сомго белгиленген: эркектер үчүн 9 983,49 сом жана аялдар үчүн 9 694,40 сом. Пенсионерлер үчүн бул көрсөткүч 7 699,36 сом, ал эми балдар үчүн — 7 379,07 сом.
Жашоо минимумунун эң чоң бөлүгүн тамак-ашка болгон чыгымдар түзөт — 5 653,26 сом. Андан кийин кызматтар — 1 478,54 сом, андан соң азык-түлүк эмес товарлар — 1 391,57 сом, жана салык менен жыйымдар — 173,95 сом.
