
Бул иш-чаранын максаты фермерлер, ветеринарлар жана агрономдордун ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүү болду. Жаныбарлардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экспортко багытталган кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Семинарда үч негизги багыт талкууланды. Иш-чаранын катышуучуларына суу үнөмдөгөн тамчы системаларынын артыкчылыктары жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ылайык келген үрөндөрдү тандоо ыкмалары сунушталды. Ветеринардык коопсуздук темалары жаныбарлардын ден соолугун чыңдоо, жасалма уруктандыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык стандарттарды сактоо маселелерин камтыды. Кайра иштетүү жана экспорт боюнча блокто адистер жергиликтүү ишканаларды колдоо, абрикос жана грек жаңгагы сыяктуу чийки зат менен иштегендердин мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Министрликте "АгроЗооВет-2026" демилгеси фермерлерге илимий билимдерди практикалык иштер менен бириктирүүгө жардам берүүгө багытталгандыгын белгилешти. Заманбап ветеринардык стандарттарды орнотуу жана сапаттуу продукция өндүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизги элементи деп аталды.
Семинарга жергиликтүү фермерлер, агробизнес өкүлдөрү жана профилдик адистер катышты. Талкууланган маселелердин маанилүүлүгүн эске алып, министрлик республика боюнча ушундай окутуу иш-чараларын өткөрүүнү улантууну пландаштырууда.