Анын ордуна бул кызматка Медет Таиров дайындалды.

Медет Таиров. Сүрөт kabar.kg.
Медет Таиров банктык тармакта маанилүү тажрыйбага ээ. Ал Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында менеджер катары карьерасын баштап, 2016-жылдан тартып "Айыл Банк" ААКсында иштеди. Ошондой эле "Азия Банкы" ЖАКнын башкармалыгынын мүчөсү болуп кызмат өтөгөн. 2023-жылдын февраль айынан тартып "Элдик Банк" ААКсынын башкармалыгынын орун басары болуп иштеп, Дүйнөлүк банктын бөлүгү болгон Эл аралык финансылык корпорацияда (IFC) консультант катары иштөө тажрыйбасына ээ.