
22-январда Финанс министрлигинде Финанс министринин орун басары У.Календеровдун жана Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча регионалдык менеджери Ф.Гойянын жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик сатып алуулар системасын модернизациялоо процессин карап, сатып алуу процедураларынын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурушту.
Календеров Финанс министрлиги сатып алуулар методологиясын жакшыртуу боюнча иштерин улантып жатканын жана өзүнүн институционалдык потенциалын күчөтүп, процессинин ачыктыгын жогорулатуу үчүн цифралдык инструменттерди киргизип жатканын белгиледи.
Гойя болсо, Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, Дүйнөлүк банктын реформалардын жол картасында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууда кошумча эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик сатып алуулардагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттерин координациялоону жана маалымат алмашууну улантууга макул болушту.