
Башкы прокуратурада 2025-жылдагы сот аткаруучулардын кызматынын ишинин жыйынтыктарына арналган коллегия өттү.
Башкы прокуратура тарабынан берилген маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө карыздарды өндүрүү жана сот чечимдерин аткаруу боюнча көрсөткүчтөрдүн маанилүү жакшырганы белгиленди.
Эгер 2024-жылы, Сот аткаруучулардын кызматы Башкы прокуратуранын структурасына өткөрүлгөнгө чейин, өндүрүлгөн сумма 633 миллион 271 миң 231 сом болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 62 миллион 228 миң 280 сомго жетип, кызматтын тарыхындагы рекорд болду.
Сот аткаруучулардын кызматы 2025-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөндүктөн, натыйжалуулукту так баалоо үчүн жылдын экинчи жарымындагы маалыматтар салыштырылды. 2024-жылдын июль айынан декабрь айына чейин өндүрүлгөн сумма 286 миллион 680 миң 868 сомду түзсө, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 743 миллион 115 миң 740 сомго жетти. Ошентип, өндүрүүлөр 2,5 эсеге көбөйдү, бул иштин натыйжалуулугунун маанилүү жакшырганын ачык көрсөтөт.