
«Аалам Строй» ЖЧКсынын курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензиясы 90 күнгө убактылуу токтотулду.
Бул чечим курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасы болуп саналат.
Компаниянын объектилеринде, Анкара көчөсү, 2, 3/6 жана 3а даректери боюнча жүргүзүлгөн инспекциянын жүрүшүндө, курулуш нормалары жана коопсуздук стандарттары боюнча көптөгөн бузулуулар аныкталды. Бул курулуш стадиясындагы турак жай комплексинин ондон ашык блокторуна тиешелүү.
Ошондой эле, компания жеке лабораторияларда курулуш этаптарын текшерип, мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине объекттин жекелештирилген блокторун эксплуатацияга өткөрүп бергендиги белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Аалам Строй» ЖЧКсына комплекстин ондон ашык блоктору боюнча 3 миллион сомдон ашык айыппул салынды.