
Кыргызстандыктар авто жарандык жоопкерчилик боюнча (ОСАГО) милдеттүү камсыздандыруу алкагында 256 миллион сом алышты. Бул маалыматты Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Биринчи радиодо билдирген.
Ал ошондой эле, ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрү боюнча эң көп төлөмдөр болгонун тактады. Мисалы, жеке камсыздандырууда жалпы сумма 165 миллион сомго жетсе, мүлк камсыздандыруу боюнча 625 миллион сомду түзгөн.
Милдеттүү турак жай камсыздандыруу тармагында жарандарга төлөмдөрдүн суммасы 28 миллион сомдон ашты. Бардык милдеттүү полистер арасында ОСАГО төлөмдөрдүн көлөмү боюнча алдыңкы орунду ээлеп, 256 миллион сомду түздү.
Марат Пирназаров өлкө калкы камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана анын мүлктүк жана социалдык кызыкчылыктарды коргоодогу таасирин улам-улам көбүрөөк түшүнүп жатканын белгиледи.