Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын чечимине ылайык, коммерциялык банктар үчүн минималдуу уставдык жана регулятивдик капиталдын өлчөмдөрү белгиленди. Бул чечим 2025-жылдын 29-декабрында чыккан НБКРдин 2025-П-17/71-2-(НПА) номерлүү токтому менен бекитилген.
Жаңы токтомго ылайык, жаңы коммерциялык банктар, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттик уюмдардын филиалдары үчүн минималдуу уставдык капитал 3 миллиард сомдон кем болбошу керек.
Учурдагы банктар жаңы капитал деңгээлине этап-этабы менен өтөт:
- 2026-жылдын 30-июнuna чейин — 800 миллион сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан баштап — 1 миллиард сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан баштап — 1,5 миллиард сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан баштап — 2 миллиард сом;
- 2029-жылдын 1-июлунан баштап — 2,5 миллиард сом;
- 2030-жылдын 1-июлунан баштап — 3 миллиард сом.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.