
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Гулшаркан Култаева 25 жашка чейинки жарандар үчүн кредит берүү чектелиши боюнча сунуш киргизди.
Ал жаштардын онлайн-кредиттерге көп кайрыларын, бирок алар менен байланышкан бардык шарттарды, анын ичинде пайыздарды жана айыптарды түшүнбөй, ата-энелерин маалымдабай турганын белгиледи.
«Кээ бир микрофинансылык уюмдар 18 жаштан 25 жашка чейинки адамдарга кредит беришет. Көпчүлүк жаштардын туруктуу жумушу жок жана ата-энелеринин колдоосунда. Мындай кредиттерге кандайдыр бир чектөөлөрдү орнотуу мүмкүнбү?» - деп сурады Култаева.
Бул боюнча Улуттук банктын орун басары Медет Таиров регулятор бул маселени чечүү боюнча иштеп жатканын билдирди.