
Жогорку Кенештин жакында өткөн жыйынында «Кыргыз Республикасынын инвестициялары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Бул сунуш өкмөт башчы тарабынан берилген.
Экономика жана соода министринин орун басары Медербек Тумановдун айтымында, мыйзам долбоору юридикалык карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Документтин жаңы редакциясы учурдагы мыйзамдарды так чагылдырууга жана инвестициялар боюнча укуктук жөнгө салуу принциптерине ылайык келүүгө жардам берет.