
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана суу ресурстарына жооптуу комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча отчетун сунуштады.
Анын айтымында, Кытай менен экспорттук багыттар боюнча 15 протоколго кол коюлган, ошондой эле үч жаңы протокол түзүү пландалууда. Мындан тышкары, 17 түрдөгү продукция протоколдорсуз экспорттолууда.
«ЕАЭС өлкөлөрү менен кызматташуу алкагында 462 ишкана иштеп жатат. Министрлик Европалык Союзга бал экспорттоо үчүн уруксат алды. 2025-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459 миллиард сомду түзүп, өткөн мезгилге карата 62,9 миллион сомго көбөйдү. Өнөр жай тармагы 104 миллиард сомдук товар чыгарды, бул 16 миллиард сомго көбөйдү», - деп кошумчалады министр.
Торобаев кээ бир райондордо рекорддук жыйымдар жыйналганын белгиледи: Жайыл районунда бир гектардан 120 тонна помидор, Лейлек районунда 113 тонна пияз, Манас районунда 120 тонна калемпир, ал эми Кочкор районунда 30–35 тонна картошка жыйналды.