
Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 2026-жылы мамлекеттик бюджеттен айыл чарбасын колдоо жана өнүктүрүү үчүн 41 миллиард сом бөлүнөрүн маалымдады.
Анын айтымында, бул каражаттын чоң бөлүгү капиталдык инвестицияларга жумшалат. Атап айтканда, 10 миллиард сом ирригацияны өнүктүрүүгө, ал эми 3 миллиард сом таза ичүүчү суу менен камсыздоого жумшалат.
«“Айыл банк” жана “Элдик банк” аркылуу ишке ашырылып жаткан алты финансылык программа боюнча 8,3 миллиард сом каралган. Учурда өлкөдө 483 орто жана ири кайра иштетүүчү ишкана, 40 логистикалык борбор, 15 миң чакан бизнес, 269 жашылча сактоочу жай жана 119 сойуу пункту иштеп жатат. 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү заводду ачуу пландалууда, бул кайра иштетүүнүн үлүшүн 7% дан 25% га чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана эксплуатацияга берилет», - деди министр.