
Келечектеги төрт-беш жыл ичинде Кыргызстандагы эт баасы жогору бойдон калат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин башчысы Уран Чекирбаев «Кабар» маалымат агенттигиндеги «Элден Собол» программасынын эфиринде билдирди.
Ал министрлик эт азыктарына баанын кескин көтөрүлүшүнүн алдын алуу үчүн аракеттерди көрүп жатканын, негизги тамак-аш продуктыларынын баасын үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, анализдеп жатканын белгиледи. «Бааларды кармап туруу үчүн көрүлгөн чаралардын арасында өткөн жылдын августунда Кыргызстандан айыл чарба жаныбарларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу киргизилген. Ошондой эле, мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлер үчүн атайын даярдалган ар кандай субсидиялар жана кредиттик линиялар аркылуу аграрийлерге колдоо көрсөтүп жатабыз», - деди Чекирбаев.