
Кыргыз Республикасынын (КР) Транспорт жана байланыш министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кызматташтыгынын алкагында электромобильдүүлүктү өнүктүрүү боюнча негизги аспектилер талкууланды. 26-февралда өткөн жолугушуу АӨБ өкүлдөрү менен жолугушкан Транспорт жана байланыш министринин орун басары Б. Момбековдун катышуусунда уюштурулду.
Жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда заряддоо станциялары үчүн инфраструктураны түзүү, темир жол секторун модернизациялоо, ошондой эле транспорт тармагында санариптик технологияларды киргизүү маселелери болду.
Электр транспортун колдоо үчүн нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу жана анын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлүндү.
Мындан тышкары, жолдордун абалын мониторингдөө системаларын киргизүү, интеллектуалдык чечимдерди жана маалыматтык аналитиканы колдонуу, ошондой эле коопсуздук, климаттык туруктуулук жана техникалык абал критерийлерин эске алуу менен артыкчылыктуу инвестициялоо механизмдерин өнүктүрүү идеялары талкууланды. Жол инфраструктурасынын абалын көзөмөлдөө үчүн метеостанциялар жана мобилдик лабораторияларды колдонуу да маанилүү аспект болуп калды.
АӨБ өкүлдөрү жол тармагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турган эл аралык тажрыйба жана инструменттерди сунуштоого даяр экендиктерин билдиришти.