




Бишкекте Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангджэ катышкан жолугушуу өттү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Сыдыков Корея Кыргызстан үчүн баалуу өнөктөш экенин, ар түрдүү тармактарда интенсивдүү кызматташтык орнотулганын белгиледи.
Министр ошондой эле Кореянын заманбап технологияларды экономикага киргизүү боюнча тажрыйбасы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектеги багыттарын аныктоо үчүн негиз болоорун жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык прогресси үчүн жардам берээрин айтты.
Элчи Ким Квангджэ Кыргызстан өкмөтүнүн экономикалык өсүш, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу «жашыл» экономикага өтүү боюнча кабыл алган чараларын оң баалады.
Талкуу учурунда тараптар соодадагы товарлар жана кызматтардын ассортиментин кеңейтүү пландарын, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын экономикалык байланыстарын чыңдоо үчүн жаңы жолдорду карашты.