
Topsport.kg маалыматтарына ылайык, 8-ноябрда Москвада өтө турган PWL10 турнирынын негизги көңүлү Акжол Махмудов менен Айк Мнацаканяндын грек-рим күрөшүндөгү (82 кг чейин) беттешине бурулат.
Спортчулар тууралуу кыска маалымат:
Акжол Махмудов — эки жолку Олимпиада оюндарынын медалисти, эки жолу дүйнө чемпиону, үч жолу Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен жана эки жолу PWLди уткан.
Айк Мнацаканян — эки жолку Олимпиада оюндарынын катышуучусу, эки жолу дүйнө жана Европа чемпионаттарында медаль алган, ошондой эле эки жолу PWL чемпиону.
Бул эки күрөшчү үч жолу жолуккан, жана жеке статистикада Акжол Махмудов 2:1 артыкчылыкка ээ.