Ал 2018-жылдын 12-сентябрынан бери ушул кызматта иштеп келген.
- Анын ордуна белгиленди Мырзабек Акылбеков.
Кыска биография:
Эльмира Исаевна Ашырбаева
1979-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суй районундагы Ново-Константиновка айылында туулган.
Билими:
2004-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «архитектор» адистиги боюнча аяктаган.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
01.09.2004-11.10.2005 — ОсОО «Архитектура жана технология офисинде» архитектор болуп иштеген.
12.10.2005-25.05.2007 — ОсОО «Концепт План» компаниясында архитектор кызматын аркалаган.
29.05.2007-02.07.2007 — Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгында, инженерлерди даярдоо бөлүмүндө иштеген.
09.07.2007-01.12.2010 — ОсОО «Евро Стандарт» компаниясында архитектор болуп иштеген.
12.12.2010-17.04.2018 — Жумгаль районунун курулуш жана архитектура башкармалыгында архитектор болуп иштеген.
18.04.2018-18.07.2018 — башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткарган.
2018-жылдын 13-сентябрынан тартып — башкармалыктын жетекчиси кызматына расмий дайындалган.
Эльмира турмушка чыккан жана үч баланын энеси.