
Димаш Кудайберген Instagram'да видеосун жүктөп, күйөрмандарыма ыраазычылык билдирди: «Рахмат, Лондон. Бул видео концерттен кийин, биз токтогон мейманкананын алдында тартылган. Силерге ыраазычылыгымды билдирүү үчүн унаанын чатырына чыгууга туура келди. Мен силерди сүйөм. Эртең Берлинде жолугушабыз», — деп жазган.
Лондондагы концерт анын Stranger аттуу дүйнөлүк туруна кирет, ал жерде ырчы Чыгыш жана Батыштын музыкалык салттарын бириктирет. Британиялык көрүүчүлөр казак ырчысын кубаныч менен тосуп алып, шоу аяктаган соң да аны жиберишкен жок. Турунун кийинки концерти Берлинде өтөт.