
Текшерүүнүн натыйжасында санаторийдин кызматкерлери, кардарлардын төлөм процессин билбегенин пайдаланып, акча алышып, пациенттер тууралуу маалыматты эсепке алуу журналдарына жазбай турганы белгилүү болду.
Бул окуяларга байланыштуу кылмыш иши козголду. Анын алкагында «Ысык-Ата» санаторийинин кызматкерлери, анын ичинде «С.Э.С.», «Э.А.А.», «А.Г.О.» жана «А.у.О.» суракка алынып, өз күнөөсүн мойнуна алышып, тартылган зыянды төлөөгө макул болушту. Текшерүү иштери мамлекеттик медициналык мекемелердеги коррупция схемаларын аныктоо жана жоюу боюнча улантылууда.



