Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында катышуучулар компаниянын ишин реорганизациялоо жана оптимизациялоо боюнча бир катар чараларды карап, бекитишти.
Кабыл алынган чечимдердин арасында:
- «Автотранспортное предприятие» филиалын жоюу;
- «Кыргызалтын-Курулуш» филиалын жана сатып алуу бөлүмүн реорганизациялоо, жаңы капиталдык курулуш жана камсыздоо башкармалыгын түзүү;
- 2025-жылга компаниянын бюджетин түзөтүү;
- филиалдар үчүн ликвидаторду дайындоо.