Кыргызстандын аэропортторунда рейстердин саны көбөйдү
Беш жылдын ичинде ОАО «Международный аэропорт «Манас» тарабынан тейленген рейстердин саны 5 миң 623кө, же 21 пайызга өстү.
Бул тууралуу бүгүн компаниянын жылдык жалпы акционерлер жыйынында маалым болду.
2017-жылы «Манас» аэропорту 21 миң 956 рейсти тейлеген. Бул 2016-жылга салыштырганда 3 миң 327 рейс, же 11,6 пайызга көп. Алардын көбү — эл аралык, 21 миң 6 рейс. Ички багыттар боюнча жүк ташуу 10 миң 950 рейсти түздү.
Жалпы аба жүк ташуунун көлөмүндө эң чоң үлүштү Москва, Новосибирск жана Стамбулга болгон рейстер ээлейт.
«Акыркы беш жылда жүргүнчүлөрдүн агымы 1,5 эсе өстү. 2017-жылы ОАО «Международный аэропорт «Манас» аркылуу 3 миллион 586,3 миң жүргүнчү өттү. 2016-жылга салыштырганда көрсөткүч 16,3 пайызга өстү», — деди компаниянын башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев.
Ошондой эле «Манас» аэропорту аркылуу 2,1 миллион жүргүнчү, «Ош» аэропорту аркылуу 1,3 миллион жүргүнчү өттү. Жүк ташуу көрсөткүчтөрү да кыйла өстү. 2017-жылы компаниянын аэропортторунда 30,9 миң тонна жүк иштетилди. 2016-жылга салыштырганда көрсөткүч 21,9 пайызга өстү.