
Автоматташтырылган добуш эсептөө системаларынын маалыматына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген маалыматтарга караганда, Шаирбек Ташиев №11 округда 22 387 добуш менен алдыда турат.
Аял-кандидаттар арасында биринчи орунду Венера Салямова ээлеп турат.
Бул округдагы кандидаттар үчүн добуш берүү жыйынтыктары:
- Салямова Венера Хамзаевна - 4 442 (11,22 %)
- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич - 22 387 (56,53 %)
- Камчибекова Нуржамал Матисаковна - 1 007 (2,54 %)
- Кылычбаев Алтынбек Таирович - 6 703 (16,93 %)
- Калбердиева Мавлюда Калмаматовна - 4 302 (10,86 %)
- Бардыгына каршы - 759 (1,92 %).