Бириккен комитеттин төрагасы Улан Примовдун маалыматына ылайык, депутаттык топтор төмөнкү комитеттерди түзүүнү сунушташты:
- конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш жана ЖКнын регламенти менен алектенген комитет;
- халыкаралык саясат, коргоо, коопсуздук жана миграция маселелери боюнча комитет;
- агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу комитет;
- билим берүү, илим, инновациялык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты тармагында иштеген комитет;
- отун-энергетика комплекси, өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш маселелери боюнча комитет;
- каржылар, бюджет жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет;
- соттук жана укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет;
- эмгек мамилелери, саламаттык сактоо, аялдардын укуктары жана социалдык маселелер боюнча жооптуу комитет.