
2023-жылы курулган жаңы мектеп азырынча эксплуатацияга берилген жок. Себеби, курулуштун акыркы этабында, чатырды орнотуу учурунда, объект Ысык-Көл облусунун мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун Департаменти тарабынан кабыл алынган эмес.
Окуя 2026-жылдын 17-январынан 18-январына караган түнү катуу кар жаашынан улам чатырдын бир бөлүгү кулап түшкөн.
Окуянын натыйжасында Управление подрядчыга жазуу жүзүндө эскертүү берип, объектти калыбына келтирүүнү талап кылган. Учурда чатыр толугу менен калыбына келтирилди. Бирок компанияга 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана лицензияны токтотуу маселеси комиссиянын жыйынында каралат.
Бардык зарыл текшерүүлөрдү ыйгарым укуктуу органдар жүргүзгөндөн кийин жана оң жыйынтык алынгандан кийин, мектеп Ысык-Көл облустук архитектуралык-курулуш контролу тарабынан расмий түрдө эксплуатацияга берилет.