
Кыргызстандын борбору Бишкекте жаңы улуттук мюзикл «Суймонкул» көрсөтүлөт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жарыялады.
Спектакль Кыргыз улуттук филармониясынын Т. Сатылганов атындагы сахнасында көрсөтүлөт. Көрсөтүү 12-февралдан 17-февралга чейин өтөт.
Мюзиклдын либреттосун акын Акбар Кубанычбеков жазган.
Иш-чарага билеттерди филармониянын кассаларынан жана kassir.kg сайтынан сатып алууга болот.