
Бишкекте 21-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Жумакадыр уулу Сейтек менен өлкөдөгү Европалык Союздун өкүлү Дюфло Реми ортосунда жолугушуу өттү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын жана Европалык Союздун консулдук маселелер боюнча кызматташтыгынын маанилүү аспекттери талкууланды. Визалык саясат, жарандардын укуктарын коргоо жана санариптештирүү, миграция процессин башкаруунун заманбап ыкмалары боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстандын жана Европалык Союздун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөгө жана туруктуу байланыштарды сактоого кызыкдар экенин билдиришти.