
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү Сокулук аралык борборунун кызматкерлери пландалган текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда жазуу жүзүндө эскертүүлөрдү берүү менен алектенүүнүн ордуна мыйзамсыз чараларды, айыптар түрүндө, колдонгонун аныктады.
Прокурордук аракеттердин натыйжасында борбордун үч кызматкери боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 436-беренеси боюнча өндүрүш ачылып, алардын ар бири 15 000 сомго айыпка жыкты. Мындан тышкары, дагы жети кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.
Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн натыйжасында жеке ишкерлерге коюлган үч мыйзамсыз айыптоо токтотулду.